03 Сентябрь 2010 Жума 09:23:38

En Son:12:50:55 GMT

Buradasınız: Макала Бакыт Жунусалиев Mevlananın poeziyası- adep ahlaktın bulagı

Mevlananın poeziyası- adep ahlaktın bulagı

Э-почта Yazdır PDF

 

Мавлянанын поэзиясы – адеп-ахлактын булагы.

 

Бакыт Жунусалиев

 

Өмүр бизден өтүп кетсе

Эл эмгектен эскерсин – деп кыргыз акыны Аалы Токомбаев айтып кеткендей, канчалаган улуу адамдар: окумуштуулар, аалымдар, акындар өздөрүнүн өлбөс-өчпөс эмгектери менен кылымдар бою унутулбай, улам кийинки муундарга жетип жашап келет. Мына ошолордун бири түрк дүйнөсүнө гана эмес, бүткүл дүйнөгө өзүнүн терең диний философияга сугарылган ыр саптары аркылуу исламдагы суффизм агымынын негизги принциптерин жеткирип, бардык чөйрөнүн, диндин, коомдун адамдарын өзүнө тарта алган ойчул, акылман, философ жана акын Мухаммед Желаледдин Руми Мевлана.

Азыркы Ооганстандын Балха шаары 1207-жылы 30-сентябрда шүүдүрүмдүн тамчысындай аруу дүйнөсү, таза дили менен адамдарга акыйкаттын нурун чачкан улуу сопунун киндик каны тамган жери болуу бактысына туш болгон. Атасы Бахаеддин Валид өз заманынын эң билимдүү, таанымал диний аалымы болгон. Айрым булактарда Бахаеддин атасы тарабынан Аз. Абу Бакирдин тукумунан[1], ал эми энеси тарабынан Аз. Алинин тукумунан[2] экендиги айтылат. Апасы болсо Алтын Ордо ханышаларынын тукуму, Балха амири Рукнеддин кызы Мумина болгон. Атасы замандаштарын акыйкатка үндөгөн диний агартуу иштерин жүргүзгөндүктөн, анын жолун жолдоочулар да арбын эле. Ошондуктан замандаштары ага түрк элдеринин жогорку наамы болгон «Султанул Улема», б.а. «Аалымдардын Султаны» наамын ыйгарышкан. Атасынын таасиринен улам Мевлана да кичинесинен Алланын аты менен оозанып, суфизм агымынын идеясына сугарылып чоңоет. 1912-13-жылдары Ооганстандагы саясий абалдан жана монгол баскынчылыгынан улам Бахаеддин үй бүлөсү менен Балхадан Нишабурга көчүп келет. Ал жерден аалым Мутассафур Феруддин Аттарга жолугат. Жаштыгына карабай маңдайында жылдызы жанып турган Мевлананы көрүп, атасына: «Уулуң көп өтпөй ааламдагы жүрөгү муңга толгондордун жүрөгүнө от салып, үмүттүн отун жалындатат» - деген сөзүн айткан[3]. Ал жерден Бахаеддин Валид Багдат, Мекке, Медина ж.б. чоң шаарлардан кийин Анадолудагы Конья шаарына келип отурукташат.

Желаледдин Руми Мевлана жашоонун жазы 18 жаш курагында самарканттык Кожо Шерафеддин Лаланын кызы Гевхер Бануга баш кошот. Бир топ жыл жашап эки  баланын атасы болуу бактысына туш болгондо, капысынан Гевхер Хатундан ажырайт. Кийин Коньялык Изеддин Алинин бир балалуу жесир кызы Кира (Керра) Хатунга үйлөнөт да андан эки уул, бир кыздуу болот[4].

Аккан арыктан суу агат дегендей атасынын тарбиясын көргөн Мевлана кичинесинен динге берилип, ийне менен илимдин кудугун каза баштайт. Жашоонун жалган ырахатына азгырылбай жан дүйнөнүн жардылыгы менен күрөшүп, адамдарга акыйкат динди жайып, акыреттин азыгын топтоого үндөгөнү кийин атасы өлгөндө анын санаалаштары жана жолун жолдоочуларынын өзүнүн айланасына топтолушуна алып келет. Анын Ыйык Куранды негиз тутуп, Аллага болгон сүйүүсүн дагы да арттырган нерсе – Шамси Тебризи атуу дервиш менен болгон жолугушуу эле. Шамси Тебризи жараткан Алла тууралуу, чыныгы дин ислам тууралуу күнү-түнү узун сабак кеп салып, билбегендерин дагы тереңдетип үйрөтүп баштагандан кийин ал эл менен мурункудай көп аралашпай калат. Кийин дайынсыз жоголуп кеткен устатынын сепкен илим үрөнү  «Диван-и Кебир», «Месневи» ж.б. чыгармалар түрүндө өз жемишин мол берет.

Желаледдин Руми Мевлананын тубаса таланты менен турмуштук тажрыйбасынын, акыйкатка умтулган аң-сезими менен алган билиминин ширелишинин негизинде жаралган ырлары жынысына, тилине, дилине, улутуна карабай бардык адамдарды биригүүгө чакырган. Анын чакырыгында достуктун, биримдиктин, ынтымактын, тынчтыктын илеби уруп, адамзатты адилеттүү, чынчыл, адеп-ахлактуу боорукер болууга үндөп турган. Ал гана эмес жагымдуу жылмаюну пайда кылган тамсилдери да өз нугунан чыкпай, жөнөкөй окуя менен зор таалим-тарбиялык маанини бере алган. Шурудай тизмектелген ыр саптарында ак менен караны, жакшы менен жаманды, сүйүү менен кызганычты, улуулук менен жөнөкөйлүктү, өмүр менен өлүмдү салыштыруу аркылуу бул жашоонун ысык-суугун, ачуу-таттуусун, өйдө-ылдыйын таамай ачып берип, адамдарды акыйкатка үндөп, Жаратканга алпаруучу жолду ачык көргөзүп койгон. Мевлананын «Мектубат», «Месневи», «Диван-и Кебир», «Фихи Ма Фих», «Межалис-и Себа» ж.б. чыгармалары негизинен Аллага болгон сүйүүнү, Куранды жана Аз.Мухаммед пайгамбардын (с.а.в.) сүннөттөрүн негиз тутуу менен адамдарды нукура адамдык асыл сапаттар болгон жөнөкөйлүккө, сүйүүгө, акылдуулукка, адептүүлүккө тарбиялаган руханий мурас, табылгыс булак катары бааланып келет.

 Мына ошол баа жеткис руханий булактан таасирленүү менен улуу акындын акындык талантына таазим кылып, анын чыгармачылыгын жана чыгармаларындагы адеп-ахлак, таалим тарбиялык маанини камтыган негизги оюн, ыр саптары аркылуу берүүгө аракет кылдым.

 

УЛУУ СОПУ ТУУРАЛУУ УЛУУ СӨЗ

 

«Ачылбаган сандыкта бычылбаган кундуз бар»,

Ачпай келет сырларын  дагы далай кундуздар.

 

Эчен асыл адамдар чыгып чыгыш тараптан,

Элеп сөздүн берметин керемет ыр жараткан.

 

Жүз жыйырма миң сап болгон Фирдоуси дастаны,

Низаминин «Көр уулу» жүз жылдарды басканы.

 

Улуу акын Саадинин «Жемиш багы», «Гүл багы»,

Урмат сыйга татыктуу чыны менен бул дагы.

 

Желаледин Руминин тамсилдери, ырлары,

Ачыла элек алиге ырга айланган сырлары.

 

Акыйкатка үндөгөн жол көрсөтүп акындар:

«Адашканга кошулбай Жаратканга жакын бар!»

 

Хорасанда жайгашкан Балха болуп турагы,

Бахаеддин Валид да болгон диндин булагы.

 

Ал да диний илимдин терең казган арыгын,

Күндөй болуп күнүндө күчтөп сунган жарыгын.

 

«Аалымдардын Султаны» атка конгон атасы,

Желаледин уулуна берген экен батасын.

 

Айтчу экен: «Пайгамбар улуу жолду баштаган,

Аманат деп ал ишин үммөттүнө таштаган.

 

Адашпастан ал жолдон так аткарса сүннөтүн,

Акыйкатка алпарат ар бир сүйгөн үммөтүн.

 

 

 

Улуу жолдор башталат майда-майда кадамдан,

Улуу ишти күтпөгүн «өзүм» деген адамдан.

 

Пайгамбар да күнүндө ойлобостон өз башын,

«Үммөтүмдү кечир» – деп төккөн далай көз жашын.

 

Акыретти дүйнөгө алмашкандан болбогун,

Акыйкатты тааныткан ата жолун жолдогун».

 

Аманатын таштабай Руми ошол из менен,

Адамзатка чыныгы акыйкатты издеген.

 

Адамзатта чыныгы сулуулукту баалаган,

Адамзатка руханий аруулукту каалаган.

 

Көрө албастык, кызганыч адаттары жок болгон,

Көңүл коюп илимге жаштайынан токтолгон.

 

Билгендерин башкага жеткирүүгө умтулган,

Бул жашоонун рахаты бара-бара унтулган.

 

«Жаратканың тааныйсың илим алсаң күнү-түн,

Жакшылыктан эч качан үзбө – деген – үмүтүң.

 

Жасай берет кайталап жаман ишти билбеген,

Жаман менен жакшыны айырмалай бил» – деген.

 

«Адал иште санаа жок жүрөк менен сез» – деген,

«Арам иштер тозокко түртөт, андан без» – деген.

 

акыйкатка умтулуу

 

Ак жолуна адамды салган ырлар кураган,

Атасынын аманат кылган жолун улаган.

 

Курал болуп ал ырлар далайларды багынткан,

Акыйкатты таанытып бир Аллага жалынткан.

 

Акыл менен ыйманды билген напси жеңбесин,

Алла сүйөт напсисин тыйа билген пендесин.

 

Мына ошентип напсисин тыйган, бекем кармаган,

Бул жалганда өмүрүн бир Аллага арнаган.

 

Сырга толгон ырлары кереметке айланган,

Ырга толгон өмүрү ибдатка байланган.

 

Жаратканга сыйынып улуктаган, тынбаган,

Жалган дүйнө мүлкүнө баш ийбеген, сынбаган.

 

Жан дүйнөнү ыйманга шыктандырып ыргагы,

Жаратылган илимге сугарылып ырлары.

 

Адамзаттын өмүрүн салыштырган гүл менен,

Ачылса да ажайып бат соолуйт го гүл деген.

 

 

Байлык, бийлик деп жүргөн далай жанды бөктөргөн,

Баалабастар заманын бекер өмүр өткөргөн.

 

Жараткандын сөздөрүн жашаганга туу тутуп,

Жалган дүйнө бал –шекер жашаса да суу жутуп.

 

Акыл кеңеш сөз айтып ыр саптарын сүйлөткөн,

Акыйкатты издөөгө адамдарды үйрөткөн:

 

«Канча куусаң артынан дүйнө сага жеңилбейт,

Тобо кылган Аллага күнөөлөрү жеңилдейт.

 

Ишенбесең чындыкты табуу турат кыйынга,

Ишенгенге бул дүйнө арзыбайт го тыйынга.

 

Башын ийген байлыкка бактысызга жанашат.

Баардык мактоо Жараткан бир Аллага жарашат.

 

Арам болгон иштерге тыюу салган Улук зат,

Ак эмгегиң – адал иш, ага берген уруксат.

 

Арам ишке малынып ашык дүйнө жыйган бар,

Дүнүйөгө сыйынып чымын  жанын кыйган бар.

 

Ачка турса коңшусу артык дөөлөт береги,

Акыретте суракта ага жардам береби.

 

Байлык, бийлик дегенге ач көз адам тойбогон,

А бакытты Жараткан дүйнө-мүлккө койбогон.

 

Байлык эмес чынында байлык берген Зат Улуу,

Сезе билсе ким аны – ошол адам бактылуу».

 

Мына ушинтип дүнүйө сүйүүсүнөн айрылган,

«Сүйгүлө – деп – Алланы» - адамзатка кайрылган.

 

сүйүү – жашоо булагы

 

«Сүйүү деген дүйнөгө казык болот» – деп айткан,

«Сүйүү адам рухуна азык болот» – деп айткан.

 

«Анык сүйүү бир гана Жаратканга болот» – деп,

Адамзатка чыныгы сүйүү жайын көп айткан:

 

«Жараткандын пендеси баары бирдей жаралган,

Жалгыз эне жана да бир атадан таралган.

 

Байлык, бийлик, улутуң боло албайт арачы,

Сүй Эгеңди, Ал дагы сени сүйөт карачы.

 

Сүйүү келсе жүрөккө кайгы капа унтулат.

Сүйгөн адам чыныгы акыйкатка умтулат.

 

Сүйүү келсе жамандан жан дүйнөсүн калкалайт,

Сүйүп жалгыз Эгесин «менмендигин» талкалайт.

 

 

Максат кылып сүйүүнү дүйнө-мүлктөн кечишет,

Мына ошолор Алланын сүйүүсүнө жетишет».

 

жөнөкөйлүк – ыймандуулук белгиси

 

Жөнөкөйлүк жөнүндө үлгү насаат кеп айткан,

«Жөнөкөйлүк адамды кооздоп турат»– деп айткан.

 

Мактанчаактын азабын берет акыр тил» – деген,

«Менменсинүү адамды отко түртөт, бил» – деген.

 

 «Билип алгын жай аккан терең болот дарыя,

Бийик болчу адамдар кылбайт өзүн жарыя.

 

Улуу адам чыныгы пас болгондон уялбайт,

Умтулгандар дөөлөткө мындай ишти туялбайт.

 

Жанса дагы жылдызың жалпы элге аралаш,

Жарты наның болсо да  жакыныңа каралаш.

 

Жан дүйнөсүн пенденин чүпүрөктөн көрбөгүн,

Жаман-жакшы экен – деп, жүзүн карап бөлбөгүн».

 

Сөз баштаган – эл баштайт

 

«Уугум»– деп уулуна акыл-кеңеш кеп айткан,

«Угуп алгын дос, тууган баарыңарга»– деп айткан:

 

«Жеңе албайт адамды айбатынан жалтанган,

Жеңет бирок тил менен сөздөрүнөн бал тамган.

 

Каршылашсаң душманга кара күчкө таянба,

Кырк күн бою сыпаа бол жакшы сөзүң аянба.

 

Жарашыктуу кеп айтсаң душман сөзгө байланат,

Жамандыгын унутуп жан досуңа айланат.

 

Жакын болгон адамдын жамандыгын издебе,

Сөздөрүнөн жаңылса эл алдында түздөбө.

 

Бирөөлөрдү сыйла деп динде сени кыйнабас,

Бирок көрбөс сый-урмат өзгөлөрдү сыйлабас.

 

Душман болуп турса да кагып, катуу айтпагын,

Жакын тууган эле деп адилеттен кайтпагын.

 

Чыгам десең бейишке кызганычтан алыс бол,

Жакшы-жаман дебестен дос-душманга калыс бол.

 

Кек сактаба көңүлгө көп иштериң чечилет,

Кечиримдүү адамды кудай өзү кечирет.

 

 –Айтпады – деп эч бири – билбестикке салбагын,

Акыретте Алланын мээриминен калбагын.

 

 

–Ал дүйнөңүн чынында далили жок – дебегин,

Каапыр болуп жөнү жок издебегин себебин.

 

Адеп, ыйман болбосо адам руху кирдеген,

Андан жаман чынында аны сезип билбеген.

 

Жаратканын тааныбай акыл-кеңеш укпаган,

Корком чыны адамдан өмүр бою уктаган.

 

Болбосо да эч кими акыретти айтпаган,

Ойлобойбу – ким бар – деп, а дүйнөгө кайтпаган.

 

«Кудай» деген адамдан айланганды узактан,

Кандай жаман, ыймансыз акыретке узаткан.

 

Түшүнбөсөң айтылган асыл наркын баяндын,

Куран менен элчинин сүннөтүнө таянгын».

 

Мына ошентип адамдын калтырбаган көңүлүн,

Сопу аалым Мевлана динге арнаган өмүрүн.

 

Калем менен кагазга терип сөздүн берметин,

Кудай берген кудурет нурдандырган жер бетин.

 

Жакшылыкка үндөгөн чыгармалар жараткан,

«Жан дүйнөнүн азыгын» жалпы элге тараткан...

 

Өзгөчө бул таланты көп сырдын бир жагы эле,

Өзү өлсө да ырлары жашап келет дагы эле.

 

           х                      х                      х         

 

жети  осуяты

 

Биргелешип жаша деп кудай бизди жараткан,

Бирөө жардам сураса суудай болгун шар аккан.

 

Пайда көрөт экем – деп жан тартпагын жалкыга,

Боорукер бол, күн сымал мээрим төккүн жалпыга.

 

Көпчүлүктө адамдын жакшылыгын ашыргын,

Көрсөң дагы түн сымал кемчилигин жашыргын.

 

Каарың келип, ачууң тилиң менен чыгарда,

Карма өзүңдү, балыктай үнүңдү да чыгарба.

 

Жөнөкөйлүк, токтоолук жакшы сапат адамда,

Жер Энедей токтоо бол, ойлон ар бир кадамда.

 

Чымын жаның чыкса да бөлүнбөгүн жалпыдан,

Чыдамдуулук дегенде деңиздей бол чалкыган.

 

Кандай болсоң ошондой көрүн элдин көзүнө,

Көрүнгөндөй болгун же, туруктуу бол сөзүңө.

 

            Ошентип, 1273-жылдын 17-декабрында адамдарга акыйкат жолун ачкан, ааламга жарык нурун чачкан, караңгыда жол көрсөтүп турган жаркыраган жылдыз жалп деп өчтү. Ыйык Куранды жүрөгүнө кармап Жараткан Аллага сүйүүсүн арнап, Пайгамбардын (с.а.в.) жолун туу тутуп жашаган улуу ойчул, акын, сопу Мевлана Желаледдин Руми өлүмдү Акка же Аллага жолугуу деп эсептеп, ал учурду өзүнчө бакыт катары сезген. Ошентип, 66 жашында өзү эңсеп жүргөн бактысына жолугууга мүмкүнчүлүк алды.

Анын эмгектери баа жеткис руханий мурас катары улам кийинки муунга өтүп, дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулуп келет. Бүгүнкү күндө сегиз кылым өтсө да, көптөгөн ислам аалымдарынын, суфисттердин, окумуштуулардын жана философтордун изилдөө обьектиси болуп келген ырларындагы сырлары али да толук ачылбай келет. Мүмкүн бул Алланын улуу сопуга берген дагы бир кереметидир...

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 



[1] Kureşi, el-Cevahirü’l-mudıye, III, 343-346. Feridun-i Sipehsalar, Risale-i Sipehsalar (nşr. Said-i Nefisi) Tahran 1325.

[2] Eflaki, Menakıbü’l-‘arifin, I-II, tür. yer.

[3] DİA,IV, 95.

[4] Feridun-i Sipehsalar, Risale-i Sipehsalar (nşr. Said-i Nefisi) Tahran 1325, tür. yer.

Our valuable member Bakıt Junusaliev has been with us since 09 Июль 2008, Шаршемби.

Contact e-mail: Е-почта спамботлордон зыйан болбошуу үчүн жашынды, аны көрүү үчүн tarayıcınızın Javascriptи болушу керек.

Seçilmiş Kitaplar


Seçilmiş Kitaplar


Share/Save/Bookmark