03 Қыркүйек 2010 Жұма 09:01:13

En Son:12:50:55 GMT

Buradasınız: Şiir эскирген дептеримден

эскирген дептеримден

э-пошта Принтерден шығар PDF

эскирген дептеримден...*
**
Кыйналып жазган, саптарын сенин караймын
Кыйнабай анча, келсе деп сени самаймын
Кайда журсон да, унутпа мени суйгонум
Кабагын ачык, жадырап жургун ар дайым.
Сурантып жазган, саптарын сенин караймын
Суктана карап, корсом деп сени самаймын
Сагындым сени, сагындым сент суйгонум
Кутконум сезип, бир келип кетчи ардагым...
Сен туптунук менин таза булагым
Агымында улуу сыр бар туямын
Кубат алып сенин жылуу созундон
Мен озгочо толкунданып турамын
Сени суйом суйгондугум тана албайм
Чын журоктон чыккан ырым сага арнайм
Кыялымда сени коздой сабалап
Кундо сага жолугууга шашамын
Кош бол жаным, корушкончо сагынба
Дагы далай жолугуу бар алдыда
Сыйлай билсен конулумду калтырбай
Журоор элем омур бою жанында
Кош бол жаным, жолукканча сагынба
Мен келгенче жакшы жургун таарынба
Озун эле мени таштап кетпесен
Сени суйом курган журок барында
Кош бол жаным мени куткун сагынба
Тагдыр татаал а сен ага багынба
Ортобузга коро албастар суу бурксо
Очуп калбай кайра кучо жалында
Жамгыр жаады, а мен уйго шашамын
Корголоймун, башымды бек катамын
Журогумдо сага арнаган суйуум бар
Жамгыр жууп кетпесин деп качамын...
Жамгыр жаады, а мен шаша басамын
Жашоо ушул, мен каякка качамын?
Жаман ойдун калбай калсын издери
Менин келет сен деп гана жашагым...
Коргум келди, коро албадым, корбодум...
Жалжылдаган, сенин сулуу козунду
Уккум келди, уга албадым, укпадым...
Жалгыз гана мага айтаар созунду
Коргум келди, коро албадым, корбодум...
Коздорунду, сезимимди ойготкон
Бут бардыгын оз ичине камтыган
Коз карашын, мен кыйналып толготкон
Уккум келди, уга албадым, укпадым...
Жанга жагым жумшак сенин созунду
Кулагымдын канбай калды кумары
Уга албастан чын суйоорун озумду
Мен журом, же ачылып бурдой албай
Кун тийбей, бир гул ондуу гулдой албай
Ыр дуйном алыс узап кеткен окшойт
Ыр эмес, аран журом суйлой албай
Озуно, жамгыр болуп чачыла албай
Жадырап, же гул сымал ачыла албай
Жалгыздап, озунузду кутуп келем
Суйуумду коодонумо батыра албай

Не жазбайсыз бутту баары дейсизби
Кайда калды биздин аруу тилектер
Эки жээкте калабызбы кошулбай
Бирге сокпой биз куткондой журоктор
Мен сиз учун жаны жашоо баштагам
Бардык жаман сапаттарды таштагам
Мен сиз учун кундо жаны ыр жазып
Таарынтсаныз мен козумду жаштагам
Мен сиз учун бут баарынан кечкенмин
Кол кармашып бир болом деп чечкенмин
Кыялымда канча бирге болсом да
Бул жашоодо бир болбосум сезгенмин
Сизди суйуп сиз деп жашап келсем дагы
Негедир унчукпастан алыстадык
Ортодо толуп кетти тушунбостук
Канча кун такыр кат да жазышпадык
Кээ куну конул куунак жургон кезде
Соз менен байкабастан таарынтасыз
Кээ куну жолугууга келбей коюп
Байкуш жанды куттуруп сагынтасыз
Журокто кайгы батпай толгон кезде
Жер кезип кетким келет карып болуп
Ардагым кээде келип суу куюп тур
Калбайын мен узулгон гулдой соолуп
Тениримдин очошкону мен беле
Ырысым же башкалардан кем беле
Мени антип кыйнай бербей ардагым
Жазып койчу кабарынды жон деле
Суйуу эмне бажырайган гул беле
А куйуучу жарыгы жок кун беле
Соолуйт тура эгер жарык тийбесе
Мен суйуу деп элестеткен гул деле
Мен арылбай койдум неге азаптан
Ойлор кетпейт эмнеге деп тажаткан
Омур бою азап тартып отсун деп
Мандайыма жазса керек жараткан
Мен арылбай койдум неге куйуудон
Кун болобу бир кубанып суйунгон
Койсо керек каргы тагып мойнума
Жолу болбой отсун деген суйуудон
Мен арылбай койдум неге санаадан?
Кыйналамын… мен эмнеге жаралгам?
Кыйкырсам да укпайт окшойт унумду
Тушунбостур, мени эми жан адам…
Мен тушунбойм неге мынча ачылганмын
Айтчу элем журокто сыр жашыра албай
Суйлошкон куну жыргап калчу элем
Койнума кубанчымды батыра албай
Ал кундор кандай кана бакыт эле
Мен эми издеп журом таппай келем
Кайгыруу, кысылуудан журок чарчап
Жаркыган кен дуйного батпай келем
Ишенип ортодогу ак суйууго
Чынында жолугууга бел байлагам
Жайнаган адамдардын арасынан
Жалгызым озунузду мен тандагам
Негедир муздап барат мамилениз
Жон гана жакшы тааныш адамдардай
Озумду аябай кор сезип журом
Дуйного мен ашыкча жаралгандай

Жаралуу эле журогум ооруттун неге
Жароокер эле мунозум соолуттун неге
Жолубуз бирге болбой турган сон
Жолукпай койбой озуно жолуктум неге
Азапка салып жанымды кыйнадын неге
Аз кундук ушул омурго сыйбадым неге
Ар дайым кутуп жол карап журсом
Ардагым анымды сен туйбадын неге
Тушуно албай озуно таарындым неге
Таарынар болгон сон кайра сагындым неге
Тагдырдын ушул тайгак жолунда
Тандоодон мен озунду жанылдым беле
Мумкун сизге жакпагандыр жазганым
Жакпаса да бутпойт менин дастаным
Жазылаттыр дагы далай дастандар
Мен суйгону болсом дагы башканын
Мумкун сизге жакпагандыр ырларым
Жакпагандыр сизге айтылган сырларым
Мен ал кезде ойлобогом бат эле
Жоголоорун мен энсеген жыргалым
Мумкун сизге жакпагандыр создорум
Жакпагандыр тиктеп турган коздорум
Бакытымды тапкансыгам озундон
Бактылуусу болорп бекем озгонун?
Коргум келет жоодураган коздорунду
Уккум келет жагымдуу создорунду
Кайдан журуп жолугуп калдык экен
Сен деп жашоом таптакыр озгорулду
Сиз бар учун дуйнодо мен да бармын
Сиз бар учун жашоодо жыргал арбын
Корушпой бул жашоодо калсак дагы
Сиз бар учун мен жашап журом жаным
..........
Сиз бар учун суйомун жаратканды
Экообузду коруштурбой табыштырган
Сагынычтан эзилип турса да журок
Болбогон бир соз учун кагыштырган
Сиз бар учун жазамын ырларымды
Сиз бар учун айтамын сырларымды
Сиз бар учун журокто суйуум да бар
Сизден таптым мен очпос жыргалымды
Сизди суйдум сизди жакшы билбесем да
Эркелеп жанынызда журбосом да
Кызганыч кээде орой мамилениз
Сизди суйдум мен жакшы корбосом да
Кулкун кайда баштагыдай жайнаган
Кайда кеткен, жылуу жумшак создорун
Коргон сайын конулумду ээритип
Суротундо мени тиктейт коздорун
Мен каалабайм эч бир кайгы тартпаныз
Эртен да мен бар болом деп жашаныз
Бала багып, неберелер чонойтуп
Оорубастан жузго чейин жашаныз
Сиз мен учун журогумдун падышасы
Суйдуруп оз кучуно багындырган
Жаз жыттуу жагымдуу жел менен бирге
Жолугушчу мунотторду сагындырган
Жашоодо канча алсыз болсом дагы
Сиз менен жолугам деп ишенемин
Корушпой менден алыс качсаныз да
Эч качан токтотпоймун издегеним
Булуттар, айткылачы аман бекен?
Суйгонум, мен жетпеген алыстарда
Оорубай, кулуп жайнап журот бекен?
Коро албай сагынамын мен бул жакта
Эх шамал, сен кордунбу, кандай экен?
Сагынтып, кусаланткан суйгонумду
Айттынбы? Кундо кутуп алыстардан,
Келет деп жолду карап жургонумду
Жамгыр сен, тамчыларын чачыратып
Шыбырап кулагына салам айтчы
Шамалын, эркелетип башын сылап,
Тамчылар ак жузунон ооп кайтсын
Тан жели менин чачымдан сылап ойготсо
Булбул куш мага суйуумду ырдап берсе эмне?
Буурул тандагы шуудурум болуп бир тамчы
Куттургон суйуум кун болуп чыга келсе эмне?
Ношорлоп жааган жамгырым болуп тогулсо
Чагылган болуп жарк этип чыга келсе эмне?
Аттарын минип, жайлоодо аткан тан менен
Сан гулдор ичинен жоогазын терип берсе эмне?
Жаз жыттуу аалам нуруна бизди болосо
Байчечек сымал кар тешип чыга келсе эмне?
Жаз менен бирге кутконум сезип ал адам
Чабалекей болуп мени издеп учуп келсе эмне?
Негедир сени куттум, сени эстедим
Терезе карай бердим, « келет» дедим.
А бирок, сен эч качан келбесен да,
Талыкпай куто бергим келет менин.
Озум да билбейм, негедир сага таарындым
Озгого эмес, озуно келди таарынгым
Каякка кеткен жайдары муноз жакшы соз?
Ошол кездеги, мунозун сенин сагындым
Жек коруп карап, жектеди мени коздорун
Орой угулат, ар качан айткан создорун
Жароокер муноз байкушум жакшы жан элен
Тушунбой калдым бат эле неге озгордун?

* Нургуль Орозалиева - Жаш Кыргыз акыны

Our valuable member TürkBirlik has been with us since 30 Қазан 2007, Сейсенбі.

Contact e-mail: E-Posta spambotlardan korunma amacıyla gizlendi, görmek için tarayıcınızın Javascript desteği olması gerekir

Show Other Articles

Seçilmiş Kitaplar


Seçilmiş Kitaplar


Share/Save/Bookmark