Кайран гана жаштыгым!!!
Күндөр, айлар, жылдар өтүп баратат
Бекерпоздук күндөн күнгө күч алат
Эх жаштыгым туура жолдо жүрөмбү деп
Жүрөгүмдү катуу күмөн жаралайт
Алма багын алып дагы карасак
Жаш кезинде көп мөмонү бере алат
Карыганда андай түшүм албайсын
Мурдакыдай карап аны бакпайсын
Турмушумдун пайдубалын курасын
Эх жаштыгым! Кайда сапар алгансын?
Алаксыбай жаман ойго, азгырыкка
Туура жолдо баратамбы, таппайсын
Жаштыгым журучу эми туура жакка
Жалкоолуктан Кудайым өзүн сакта
Күч кубатка толуп турган кезде
Уктай берип,төшөктөн турбай жатпа
Убакыт деген миздүү кылыч сымал
Жаш кезинде жанталашып кеспесен
Кесип салат аябастан бир өзүндү
Карабастан жалындаган көзүндү...
Жаштыгым, менин алтын жаштыгым!
Көргөзүлгөн туура жолдо баскынын
Уят кылбай ата-энеге, элге-журтка
Эмгек менен алга карай шашкынын!!!
Алтынбек Усенов
www.latysh.com
Кайран гана жаштыгым!!!







